Саясат

Кыргызстандын тарыхында эл Садыр Жапаровду колдогондой эч бир саясатчыны колдогон эмес

Кыргызстанда акыркы бир айда болгон  окуя коомчулукту  эле эмес, дүйнө элин,  жаныбыздагы коңшуларыбызды таң калтырып, “булар дагы эмне болуп кетээр экен” деген кыязда сыртыбыздан сынап карап турган кези.

Чындыгында кыргыз эли эркиндикти сүйгөн, жалганды, ууруларды жек көргөн, ынтымактуу, ошол эле учурда душмандарга тике караган, бүжүрөп кошомат айтпаган эл экенибизди акыркы октябрда болгон окуяда дагы бир жолу далилдедик. Ошондуктан биздин өлкөдө  коңшуларыбызга караганда  демократия жакшы жолго коюлган. Коңшу мамлекетте бийлик өкүлдөрү бизди сындаса, алардын карапайым эли биздин  элдин  кайраттуулугуна, чечкиндүүлүгүнө суктанганын жашырышпайт.

Жакында эле Кыргызстандын тагдырын өз колуна алган Садыр Жапаровду кыргыз эли анын курчтугунан, тайманбастыгынан, көрөгөчтүгүнөн,  мекенчил-патриоттугунан улам жакшы тааныйт. Антпесе, Садыр сыяктуу канчалаган саясатчыларыбыз бар, канчасы темир торго отуруп келишти. Аларда Садыр сыяктуу тайманбас мүнөз, эрк, чечкидүүлүк  болгон жок. Садырды убагында далай жолу сындырууга аракет жасашты, сатып алууга аракеттер болду. Бирок, ал тагдырдын канчалык оор сыноосунда турса да сатылган жок, сынган жок. Балким, Садыр  темир торго отурган башка саясатчылардай болсо айткан сөзүн артка алса, түрмөдөн эчак чыгып кетмек беле, ким билет.  Бирок Садыр анткен жок! Ошол кездеги бийликтин көзүнө тике карады! Аларга чөгөлөгөн жок!

Садыр кызматка келгенде эле чиновник, байлардын таламын талашпай, карапайым элге жакын болгону кыргыз элин ого бетер өзүнө жакындата алды.  30 жылдан бери коррупцияга баткан Кыргызстанды саздан сууруп чыгаруу оңой эмес, алар менен күрөшүп жатабыз деген мурунку бийликтегилер кийин ошол эле коррупционерлер менен табакташ болуп, 1-2 жыл түрмөгө отургузуп кайра чыгарып жибергенин коомчулук билет. Бирок Садырдын  мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп, коррупциянын аркасы менен байыган чиновниктерди камабастан, жеген акчаларын кайрадан мамлекеттик бюджетке төктүрүп атканы мактоого алаарлык. Ушундай жол менен бир айга жетпеген убакыттын ичинде эле миллиарддаган сомдор бюджетке келип түштү.

Ал эми Садыр Жапаровдун башын айлантабыз, анын колтугуна кирип, баягыдай былык иштерди жасай беребиз деген кошоматчыларын жанына жолоткон жок. Бир айдын ичинде Кыргызстанда мурда болуп көрбөгөндөй коррупциялык иштердин бети ачылды. Мурдагы бийликтегилердей кылып баарын камап салган жок, өзү айткандай “кустуруп” жатканы чоң жетишкендик десек болот! Анын ушундай ыкма менен  сазга баткан Кыргызстанды  карыздан чыгарып алуу аракети десек болчудай.

Садыр Жапаровдун элге жакын экени  анын ишке киришкен алгачкы күндөрүнөн эле билине баштады. Алгачкы иш сапарын  Нарын облусундагы Кочкор районуна барып, ал жактагы айылга социалдык шаарчанын курулушуна катышып, сырттан келген инвесторлор менен жолукканы, карапайым элге аралашып,  алардын арыз арманын угуп, жасай турган алдыдагы иштери тууралуу пикирин билдиргени элге жакын эл башчысы экенин көрсөтүп турат.

Садыр Жапаровдун андан кийинки иш сапары түштүк аймагында болду. Түштүккө болгон иш сапары  абдан туура кадам экени айтпаса да түшүнүктүү. Анткени, Кыргызстандын чек ара менен чектешкен аймактарында  кооптуу абал дайыма жаралып турат. 2010-жылы  Кыргызстандагы революциядан кийин  түштүктө улуттар аралык кагылышуу болгону эч кимдин эсинен кете элек. Өлкөбүздөгү ызы-чуудан пайдаланып, улуттар аралык жаңжалдар чыгып кетпеши үчүн, аны алдын алуу максатында жергиликтүү диаспора өкүлдөрү менен жолугуп сүйлөшүп, Баткенге барып чырлуу чек ара маселесин чечип келди. Бул Садырдын Кыргызстандын тагдырына кайдыгер карабай, өлкөнү өз үйүндөй, элге  үй-бүлөсүндөй кам көрүп жатканынын далили десек болот.

Албетте, Садыр Жапаровдун азыр ар бир кадамын, баскан турганын, кийген кийимине, ичкен ашына чейин  анын атаандаштары, көрө албаган мурунку бийликтин өкүлдөрү, карт саясатчылар сындап жатышат. А түгүл үй-бүлөсүнө,  жубайына чейин айтып, сындаганга аракет кылышууда. Садыр Жапаровдун ишинен кемчилик издеп жатышат, негатив  издеп, жазып жатышат,  ишинен кемчилик тапса табалат жатышат. Бирок, эң негизгиси мындан да оор күндөрдү башынан өткөргөн Садыр Жапаров аларга каяша айтып же арданып, чычалаган жок. “Иштеген адам жаңылат, иштебеген адам жаңылбайт” дегендей, жаңылыштыгын, кетирген кемчиликтерин мойнуна алып жатат Садыр Жапаров.

Ал эми кечээ жакында эле Нарын облусуна барып, карапайым элдин жашоосу менен таанышып, “Жогорку Нарын ГЭС каскадын” көрүп,  милиция үчүн курулган үйгө ачкычын тапшырып, жетимдер үчүн курулган балдар үйүн көрүп келди. Элдин электр энергиясына болгон арыз-муңун укту. Электр энергиясына болгон чектөө алынып сала турганын убада кылды.

Андан тышкары Садыр Жапаров түрмөдө адилетсиз жаткан жүздөгөн, миңдеген адамдардын тагдырына да кайдыгер карабастыгын билдирди. Учурда адилетсиз камалып жаткан адамдардын иштери кайрадан каралып жатат. Кыргызстандын байлыгын кемирип, коррупция үчүн камалгандар эмес, карапайым адамдардын тагдырын, алардын кантип камалганын, кандайдыр бир окуяга себепкер болгонун текшертип жатканы кубандырбай койбойт. Демек, Садыр чиновник, байларды эмес, карапайым адамдарга жакын экенин көрсөтө алды.

Коомдук тартипти сактап, күнү-түнү кызматта жүргөн милиция кызматкерлеринин эмгеги тууралуу да айтып, тартип сакчыларынын айлык маянасын да көтөрө турганын айтты.

Чындыгында Садыр Жапаровдун мойнунда мамлекеттин жүгү турат. Күндүр-түндүр иштеп жатканын анын ишинин жыйынтыгынан көрүнүп жатат.  Учурунда тагдырдын оор сыноосун  тартып, темир торго отуруп, кандай гана азаптуу күндөрдү көрсө, азыр дагы бир чоң сыноо — Кудайдыр амири менен  мамлекетти башкаруу вазыйпасы мойнуна илинди.  Тагдырдын оор сыноосун башынан кечирген адам мындай сыноону да көтөрө алат. Чындыгында Садыр Жапаровдун оор тагдырын көтөрө алган адам көтөрөт, көтөрө албаган алсыздар көтөрө албайт болчу.

Азыркы тапта Садыр Жапаровдун атын сатып, анын атын жаманатты кылгысы келген күч, аны элге жаман көрсөтүүгө аракеттер жүрүп жатат. Бирок аны канчалык каралабасын, аны канчалык жаманатты кылбасын Кыргызстандын тарыхында мындай лидер үчүн жалпы эл көтөрүлгөн окуя болгон эмес.

Кандай болгон күндө да Садыр Жапаров сазга белчесинен баткан Кыргызстанды куткарат деген элдин үмүтү чоң. Бир эле ай болду. Бирок ушунча убакыттын ичинде абдан көп жакшы иштер аткарылды.

Кечээ 10-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров Шанхай кызматташтык уюмунун Мамлекет башчыларынын кеңешинин (МБК) Россия Федерациясынын төрагалыгы астында видеоконференция форматында өткөн кезектеги жыйынына катышты. Бул конференцияда да өзүн ишенимдүү алып, башка башчылар менен теңтайлаша сүйлөй алганы кыргыз элинин көңүлүн жубатты.

Эми Садыр Жапаров тууралуу айта турган,  жаза турган,  аткара турган иштер алдыда. Эң негизгиси Садыр Жапаровдун  жан үрөп,  жасап жаткан иштерине жолтоо болбой,  сынап сырттан карап турбай, жардам берип, Кыргызстандын келечеги үчүн жалпы жумурай журт аракет кылышыбыз керек. Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, элибиздин келечеги  жана ынтымагы үчүн баарыбыз колдон келген жардамыбызды аянбайлы. Кыргызстан жалгыз гана Садыр Жапаровдуку эмес, Кыргызстан жалпыбыздын мекенибиз, үйүбүз! Андыктан Садыр Жапаровго ийгилик, чыдамкайлык, сабырдуулук тийлейли!

Калыйбек Садыбакасов

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button