Окуялар

УКМК: Жалал-Абадда пара талап кылган милиционер кармалды

Жалал-Абадда милиция кызматкери 30 000 сом пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 11-ноябрда кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын кызматкери УКМКнын жана милициянын биргелешкен ыкчам издөө иш-чараларынын алкагында кармалды.

Ал жергиликтүү тургундан жакын тууганына карата кылмыш ишин токтотуу үчүн 1000 доллар талап кылган деп шектелүүдө.

Сотко чейинки териштирүүнүн материалдары Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 326-беренеси (Пара талап кылуу) боюнча катталып, кармалган адам Жалал-Абад шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Президенттин милдетин аткаруучу өкмөт башчы Садыр Жапаров Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш өтө татаал болуп жатканын 29-октябрда өкмөттүн жыйынында айткан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button