Окуялар

ИИМ ЖКККББ: 2020-жылдын 10 айында жол кырсыгынан 596 адам каза болгон

Кыргыз Республикасынын аймагында 2020-жылдын 10 айында жалпы жонунан 4899 жол кырсыгы катталып, андан 596 адам каза болуп, 7289 адам ар кандай жаракаттарды алды. Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу жалпы жол кырсыктарынын саны -9.8% кыскарган, каза болгондор -6.7%, жаракат алгандардын саны – 13.3% азайган.

Учурдагы кырдаалда жаш өспүрүмдөр онлайн окушуп, үйдө болгонуна карабастан жаш өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарынын саны 1051, -25.1%, каза болгону 75, -8.5%, жаракат алган жаш өспүрүмдөрдүн саны 1227, -26.1% азайды.

Оор кесепеттерди, башкача айтканда адам өмүрүн алып, оор жаракаттарды алып келген жол кырсыктары көбүнчө жол кыймылынын катышуучулары, айдоочулардын жол эрежелерин одоно бузушунан, мас абалда унаа башкаруу, кууп өтүү жана маневр жасоо, каршы тилкеге чыгып кетүү жана ылдамдыкты бузуу эрежелерин сактабагандыктан келип чыгат.

Мисалы, жакында эле Чүй облусунда, Баткен облустарынын аймагында катталган бир эле жол кырсыгынан үч, беш адамдын өмүрүн алып кетип жаткан жол кырсыктары дал ушул карама-каршы тилкеге чыгып кетип,   ылдамдыкты сактабагандыктан келип чыгууда. Коопсуз шаар долбоору кирген, фото-видео байкоолор кирген жерлерде айдоочуларыбыз эрежени сактап ал эми башка жактарда өздөрүнүн  кайдигерлигин көрсөтүп жаткандыгы баарыбызга маалым. Ошондой эле калктуу аймактардагы жөө адамдарды унаа менен уруп кетүү фактылары дагы дал ушул ылдамдыкты сактабагандыктан келип чыгууда. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлердин кызмат өтүүчү жерлери дагы дал ушул жол кырсыктарынын көп катталган, авариялык абалдар көп болгон жерлерге көрсөтүлгөн.

Муну менен бирге токтолуп кете турган нерсе, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ИИМдин буйруктарына ылайык жол кыймылын көзөмөлдөчүлөр жол эрежелери бузулбаса (айрым иш-чаралар болгон учурларда гана токтотууга укуктуу) жөнү жок унааларды токтотпойт.

 Ал эми социалдык тармактары, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу биздин кайдыгер эмес жарандарыбыздын жол кыймылын көзөмөлдөчүлөрдүн ишмердүүлүгүнө көңүл бурушу бул жакшы нерсе, ИИМдин ЖКККББнын жетекчилиги жарандардын ар бир билдирүүсү менен кайрылууларына көңүл бөлүп, көзөмөлгө алып, текшерүү жүргүзүп, мыйзам бузуулар болсо чара көрүүгө даяр экенин билдирет.

ИИМдин  ЖКККББнын Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button