Саясат

Кыргызстан жаңы шайлоонун босогосунда: президенттик жарышка даярдык кандай жүрүүдө?

Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова журналисттер менен жолугушууда  мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоону өткөрүүгө даярдык жөнүндө айтып берди.

БШК төрайымы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы эмне себептен жокко чыккандыгынын себебин жана президенттик шайлоого даярдык тууралуу түшүндүрдү.

5-6-октябрда болгон Бишкектеги каршылык көрсөтүүлөр көз каранды эмес Кыргызстандын тарыхындагы окуялардын жүрүшүн кескин өзгөрттү. Парламенттик шайлоолордогу добуш сатып алуу фактылары жана башка мыйзам бузуулар өлкөдө нааразылыктарды пайда кылып, натыйжада ал бийликтин алмашуусуна алып келди. Өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалдын татаалдашы менен добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылды. Президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетүүсүнүн аркасында Боршайком мөөнөтүнөн мурда боло турган президенттик шайлоонун 2021-жылдын 10-январында өтөрүн аныктады. Ал эми парламенттик шайлоолор кийинки жылдын март айында болмокчу. Ушундай саясый окуялардын алдында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Кыргызстандагы саясый окуяларга даярдык кандай жүрүп жаткандыгы боюнча брифингде айтып берди.

ПРЕЗИДЕНТТИККЕ КИМДЕР БАРА ЖАТЫШАТ?

Боршайком төрайымы Нуржан Кармабековнанын журналисттер менен маектешүүсү белгилүү саясатчы Нурлан Мотуев БШКга президенттик шайлоого катыша тургандыгын билдирип арыз менен кайрылган учурга туш келди. Ошол учурда ал президенттик кызматка талапкер болгон онунчу саясатчы эле. Андан бир аз мурда “Бүтүн Кыргызстан” оппозициялык партиясынын лидери Адахан Мадумаров, парламенттин экс-спикери Канат Исаев, “Зима не будет!” деген чуулуу сөзү менен аты чыккан Арстанбек Абдылдаев жана башкалар да талапкерликтерин көрсөтүшкөн.

Президенттик кызмат үчүн жарышка аттангандар БШКга документтерин 14-ноябрдын кечине чейин тапшыруулары зарыл. 3-декабрга чейин өздөрүн колдогон шайлоочулардын 30 миңден кем эмес колу коюлган документтерин тапшыруулары абзел. Мындан тышкары шайлоо фондун түзүү үчүн “РСК банкына” же “Айыл Банкка” бир миллион сом өлчөмүндө күрөө коюу шарты да бар. Талапкер өзүнүн жеке каражатынан шайлоо кампаниясына 15 миллион сомдон ашпаган каражат гана корото алат. Талапкердин шайлоо фондуна атайын каражат салуу 50 миллион сомдон ашпашы зарыл.

9-ноябрдагы маалымат боюнча, президенттик шайлоого катышып жаткан 10 адам ушул шарттарга макулдугун билдиришти. Талапкерлердин көпчүлүгү өзүн-өзу көрсөткөндөр.

Жогорку мамлекеттик кызматка онунчу талапкер Нурлан Мотуев болуп калды.

МӨӨНӨТҮНӨН МУРДА БОЛО ТУРГАН ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООГО КАНЧА КАРАЖАТ КОРОЙТ?

Боршайком президенттик шайлоо үчүн мамлекеттик казынадан 686,5 млн. сом кете тургандыгын эсептеп чыкты. Анын ичинен 337 миллион сом азыркы бюджеттен бөлүнөт, себеби шайлоо кампаниясы аяктап жаткан жылдын ноябрь, декабрь айларын камтыйт. Парламенттик шайлоолордо, пандемиядан улам жылдырылып келе жаткан жергиликтүү кеңештерге шайлоолордо 200 млн. сомду үнөмдөп калууга мүмкүн болду. Дагы 137 миллион сом экинчи турга, эгер ал болуп калса, зарыл болот. Айтмакчы, саясый өнөктүктүн мындай жүрүшүн БШК мүмкүн деп эсептейт.

— Кыргызстандагы шайлоолор эркин, демократиялуу жана атаандаштуу болуп эсептелет, — деп белгилейт ал.

Жалпы сметадан 12 млн. сомду БШК чет өлкөлөрдө добуш берүүлөрдү уюштурууга пайдаланат, 169 млн. сом Боршайкомдун чыгымдарына жана 369 млн. сом аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына коротулат. Кыргызстанда АШКлардын жана УШКлардын 30 миңден ашык мүчөсү бар, алар шайлоо процессинин учурунда 2 миң сомдон 3 миң сомго чейин сый акы алышат.

ПАРЛАМЕНТКЕ ШАЙЛООНУН ЖАРАБАЙ КАЛУУСУНУН КАТАЛАРЫ ЖӨНҮНДӨ

Боршайкомдун төрайымынын пикири боюнча шайлоо процессинин реформаланышынан  улам, Кыргызстан ички тобокелчиликтерди ылдыйлатуу ишинде бир топ ийгиликтерге: шайлоо процессинин жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууда ачыктыкты камсыздоого жетишти.

— Биз добуш берүүнүн жыйынтыгы анык экендигин бекемдей алабыз, — дейт Нуржан Шайлдабекова. – Көп өлкөлөрдө бул көрсөткүчтөр шек жаратып жатат, мындай абал шайлоолордун жыйынтыктарын жараксыз деп табуу боюнча чечимге алып келиши мүмкүн. Керек болсо Америка Кошмо Штаттарында да добуш берүүлөрдүн жыйынтыгын эсептөөдө шек жаралып жаткандыгын биз көрүп жатабыз.

Кыргызстан бул жаатта чоң прогресске жетишти. Сандардан шектене албайбыз.

Кыргызстандагы добуш берүү процедурасына жана добуш берүүлөрдүн жыйынтыгын эсептөөгө шектенбесе болот. Бирок сырткы тобокелчиликтерге алыбыз жетпей калды.

Анда эмне туура эмес болду?

— Сырткы тобокелчиликтер талап кылынган деңгээлде жакшы иштелип чыкпагандыгы ачык болду, — дейт Боршайком төрайымы.

Шайлоолордун аныктыгы шайлоочуларды сатып алууну жана админресурсту активдештирди. Анткени шайлоо комиссиялары добуш берүүлөрдүн жыйынтыгына таасир көрсөтө албай калышты (автоматташтырылган система эч кандай “каруселдерге” жана таштоолорду жасоого жол бербейт),  талапкерлер өздөрүнө добуш “топтоону” шайлоочуга таасир берүү аркылуу жасашты. Сатып алуулар, мажбурлоолор, катталбаган жерден добуш берүүгө жол берген, элдин оозунан түшпөгөн №2 формасы ишке киришти.

Бул тууралуу өзгөчө кеп. Керек болсо Шериктештик мамлекеттеринин көптү көргөн байкоочулары ушул укуктун абдан көп колдонулуп жатканына көңүл бурушту. 2020-жылдагы парламенттик шайлоолордо мындай укукту республикада жарым миллиондой адам пайдаланышты. Бир участокто дарегин алмаштыргандарга караганда туруктуу шайлоочулар бир жарым эсеге аз экендигине көз карандысыз эксперттер да таңгалышты.

Мындай көрүнүштүн табияты жөнүндөгү суроого жооп берүүнүн зарылдыгы жок, себеби ансыз деле бардыгы түшүнүктүү болуп турбайбы. Эми алдыдагы шайлоодо да ушуга окшош көрүнүштүн кайталанышына жол бербөө – баарынан маанилүү.

Парламенттин депутаттары бул боюнча иштерди аткарышты. 22-октябрда алар өз мыйзамы менен өлкөнүн ичинде №2 формасын колдонууну толугу менен жокко чыгарышты. Бирок бардыгы азыр ушундай болот деш эрте.

— Мыйзамга азырынча Президент кол кое элек. Ошон үчүн биз депутаттарга бул документке оңдоолорду киргизүү демилгеси менен кайрылып жатабыз. Себеби республикада ички миграциянын деңгээли жогору. Көптөгөн шайлоочулардын каттоосу кичи мекенинде болуп, бирок алар Бишкекте же башка шаарларда жашагандыктан шайлоо укуктарынан ажырап калуулары ыктымал, — дейт Боршайкомдун төрайымы.

БШК ушул жагдайды 19-ноябрга чейин жөнгө салууга үмүт кылып жатат, анткени ошол убактан тарта электораттын тизмесин тактоо башталат. Тактап айтканда, комиссия №2 формасы менен арыз берүүнү бир эле жолу кылып жана бир облустун ичинде даректи өзгөртүүгө тыюу салууну сактоону сунуш кылууда. Бул биринчиден каттоосу жок жерден добуш берүү мүмкүндүгүнөн кыянаттык менен пайдаланууну азайтып, экинчи жагынан кыргызстандыктардын эркин ары-бери жүрүүлөрүн чектебөөнү көздөйт.

ТОК ЭТЭЭРИН АЙТКАНДА

— Шайлоолордун жыйынтыгын жараксыз деп табуу процедурасы, 4-октябрда болуп өткөн шайлоо процессинин жүрүшүндө жол берилген мыйзам бузууларга карата берилген арыздар менен даттанууларды бардык деңгээлдерде карап чыгууну талап кылат. Ошол учурда бул процедура аткарылмак эмес. Бирок көрүнүп тургандай, шайлоочулардын добуштарын сатып алуулар жана административдик ресурстарды пайдалануу добуш берүүнүн жыйынтыгына оголе көп таасир тийгизди. Ошон үчүн Боршайком 6-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарган чечим кабыл алып, бул факторлордун анык таасирин моюнга алды.

САНДАР

2017-жылы Кыргызстанда болуп өткөн президенттик шайлоодо жогорку кызматка талапкер болгон адамдардын 59нун 29у шайлоочулардын кол тамгаларын жыйнай алышкан. Миллиондук күрөөнү президенттикке талапкерлерден 17 адам гана төлөгөн, а шайлоо бюллетенине натыйжада болгону 13 адамдын гана аты-жөнү кирген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button