Коом

“Кыргызалтын” ААК башкармалык төрагасы кызматтан кетти

«Кыргызалтын» ААК башкармалык төрагасы Алмаз Алимбеков отставкага кетүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу 24.kgагенттиги жазып чыкты.

Бирок Алимбековдон да, компаниянын басма сөз кызматынан да комментарий ала албадык.

Эске салсак, бир айдан бери «Кыргызалтындын» директорун алмаштыра албай келишти. Митингге чыккандардын айтымында, Алмаз Алимбеков кызматтык милдетин аткара албай жатат. Компаниянын жамааты Алимбековду коргоп чыгып, ал иштей баштагандан бери бир топ инвесторлорду тартып келгенин айтышкан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button