Саясат

Садыр Жапаров: Түрмөдө адилетсиз отурган жаш балдардын чыгуусуна көп жардамым тийди

Адилетсиздикти жон терим менен сезгем, билем. Мени камаганда бийлик соодалашууга өткөн. Мен макул болбой койгондо менин эжемди СИЗО-1ге камап койду. Анын эч кандай күнөөсү жок эле. Болду эми, позициясынан кайтсын деп мага сүйлөшүүлөрдү  жүргүзүүгө аракет кылды. Бирок, мен баш тарттым. Ошол эжемди мыйзамсыз камаган сот 20 кундон кийин кайра эркиндикке  чыгарып койду. Ошондуктан азыркы тапта эч качан куугунтукка албагыла деп жатам.

Камалып жаткан 100гө жакын  жаш балдарга жардам бердим. Алардын кат сабаты жок, укугун билбеген адамдар көп болду. Алардын арызын жазып берип, тиешелүү органдарга кайрылып эркиндикке чыгуусуна жардам бердим. Адилетсиз отурган адамдардын көбү карапайым адамдардын балдары.

Жакын арада темир тордо адилетсиз  отурган адамдарды чыгаруу каралат.

Эскерте кетсек, учурда Президенттин м.а.  Садыр Жапаров  журналисттердин суроолоруна жооп берип жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button