Коом

Мурдагы КР Билим берүү министри Каныбек Исаков каза тапты

Бул тууралуу ММК булактары жазып чыгышты. Экс-министр Каныбек Исаков  эки өпкөсүнөн пневмониядан улам көз жумгандыгы айтылууда.

Эскерте кетсек Каныбек Исаков Билим берүү министри жана ОшМУнун ректору болуп эмгектенген.

Каныбек Исаковдун өмүр баяны:

Каныбек Исаков 1969-жылы 4-июнда Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылында туулган.

Билими:

1987 — Ош мамлекеттик университетине кыргыз тили жана адабияты адистиги боюнча тапшырган;

1988 – 1990 — Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн;

1990 – 1993 — Ош мамлекеттик университетинде окуусун улантып, кызыл диплом менен аяктаган;

Эмгек жолу:

1986 — Бел-Өрүк колхозунда жумушчу;

1993 – 1997 — ОшМУнун кыргыз филологиясы факультетинде мугалим;

1995 — «Нур» гезитинин башкы редактору;

1997 – 1998 — Кыргыз филологиясы факультетинин деканынын орун басары;

1998 — ОшМУнун ректорунун тарбия иштери боюнча жардамчысы;

1999 — ага окутуучу;

2000 – 2005 — ОшМУнун коомдук тарбия иштери боюнча проректору;

2005 – 2006 — ОшМУнун мамлекеттик тил иштери боюнча проректору;

2006 – 2011 — Ош мамлекеттик гуманитардык институтунун ректору;

2011 – 2019 — ОшМУнун ректору;

2019-20-жылдары КР билим берүү жана илим министри.

Исаков 2011-жылы докторлук диссертациясын жактаган. Учурда филология илимдеринин доктору, профессор. Көп сандаган монографиялардын, илимий иштердин жана публицистикалык макалалардын автору.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button