Баткен милициясындагы кызматтык иттер кылмыштуулук менен күрөшүүдө эң чоң жардамчы

Жер каймактагандан бери адам менен жаныбарлар тыгыз байланышта. Жаныбарларды асырап багып, аларды колго үйрөтүү мүмкүнчүлүгүн ар бир инсандын эле колунан келе бербейт. Ал эми Баткен милициясында кинология кызматы жанданып, ал жерде кызмат өтөп жаткан кызматтык иттер өз милдеттерин так аткарып келүүдө.

Баткен ОИИБнын кинология кызматы 2010-жылы түзүлгөн, алгач түзүлгөндөн эле 7 штаттык бирдик дайындалып ар бирине бирден кызматтык иттер да бөлүнүп берилген. Кинология кызматы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 2011-жылдын март айында түзүлүп, кызматтык иттерди кылмыштуулук менен күрөшүүдө, наркотикалык заттарды, курал-жарактарды, жарылуучу заттарды ошондой эле кылмышкерлердин изин табуу жана кылмыштын изи сууй электе бетин ачуу максатында алдын алуу иш-чараларынын жүрүшүндө кызматтык иттердин кеңири колдонулуусун камсыз кыла баштаган. Бул тармакта иштеген кызматкерлердин кесиптик этикалык сапаттарга тарбиялоого өзгөчө көңүл бурулуп системдик түрдө өзүнүн кызматтык тажрыйбасындагы билими менен кызматтык издөө иттерин чалгындоо иштерине үйрөтүлө баштаган. Бирок бул кызматта өзүнүн кесипкөй адистери болбогондуктан облуста бул кызмат бир топ жылдары аксап калган.

2019-жылдан Баткен ОИИБнын начальниги Акылбек Мамасейитов бул кызматка көңүл бөлүп атайын адистерди дайындап, Кыргыз Республикасынын ИИМнин питомнигинен ар кандай породадагы кызматтык иттер алынып келип, үйрөтүлө баштаган. Кинолог болуу кыйын, ар бир иттин жакындан таанып, анын мүнөзүнө жараша иш алып баруусу шарт, ага да бир топ убакыт коротуп, кызматкер чыдамдуу, сабырдуу болушу зарыл. Итке катуу мүнөздөгү гана адам аны окутуп, үйрөтө алат. Азыр Баткен ОИИБдеги кинология кызматындагы кызматкерлер өз кесибинин адиси. Кинология кызматынын начальниги милициянын ага лейтенанты Камалидин Эргешов кол астындагы кызматкерлерди жана кызматтык иттерди окутуп үйрөтүүдө көп аракеттерди жасайт.
Кызматтык иттер өз деңгээлде үйрөтүлгөндүктөн 2020-жылдын 29-февралында Баткен шаарындагы уурулуктун бетин ачууда, Баткен районундагы 2020-жылдын 11-июнунда “Орчундуу эмес өлчөмдө уурдоо” фактыларынын жана Лейлек районундагы кылмыштардын бетин ачууда чоң салымдарын кошту.
Мындан сырткары кызматтык иттер жер-жерлердеги күнүмдүк чакырууларга ыкчам-тергөө тобу менен чогуу чыгып, кызматкерлер менен кылмыштарды болтурбоого, катталган кылмыштардын бетин ачууда биргеликте өз милдеттерин так аткарууда.

Азыркы учурда кызматтык иттер Кадамжай РИИБ жана Кызыл-Кыя ШИИБде бар. Калган район-шаардагы ички иштер бөлүмдөрү да жакынкы аралыкта кызматтык иттерди пайдалана алышат.
Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы



