ВИДЕО: “Жерүй” Алтын-Альянс сатып берген техникаларга таластыктар ыраазычылыгын билдиришти

Талас облусунун айыл элине “Жерүй” Алтын-Альянс социалдык жактан жакшы жардамын берип келет. Ар бир айылга атайын каражат бөлүп берип, карапайым элдин жашоосуна, айыл элине керектүү социалдык обьекттилерди куруп, таза суу чыгарып, айрымдарына айыл-чарба техникаларын сатып беришкен.
Манас районунун Үсөнбек Өмүралиев айыл өкмөтү да “Жерүй” Алтын-Альянстан 12 миллион сом каражат алып, бул каражатка айыл чарба техникаларын сатып алганын айтышат. Учурда сатып алынган техникалар элдин керегине жарап, айылдыктар “Жерүй” Алтын-Альянс компаниясына ыраазычылыктарын билдиришүүдө.

Ү.Өмүралиев айылынын өкмөт башчысы Козубак Айталиев:
— Талас облусунда “Жерүй” Алтын-Альяс компаниясы аркылуу “Бакубат Талас” фондусу түзүлүп, 12 миллион сом каражат биздин айылга бөлүнүп берилген. Ошол кезде 12 айыл өкмөттүн ар бирине 12 миллион сомдон бөлүнүп берилип, биздин айылдын элинин чогулушунун негизинде берилген каражатка комбайн, трактор, автомашина жана атайын техникалардын шаймандарын сатып алганбыз. Ушул каражатка айылдын генпланын түзүп, картага түшүртүп алганбыз, — деди Козубак мырза.

Аталган компаниядан сатып алынган КаМАЗды айдап, элге кызмат кылган айдоочу Ислам Токталиев да ыраазычылыгын билдирди:
-2015-жылы Алтын-Альянстан каражат берилип, айылга КаМАЗ сатып алган элек. Азыркы тапта элге кызмат кылып жатабыз. Башка менчик техника, унааларга караганда айыл элине арзаныраак баада кызмат кылабыз. Ошондон бери жылына бир жолу унааны ремонттон өткөрүп турам. Унаанын техникалык абалы жакшы,өзүбуздүн унаадай эле жакшы мамиле кылабыз, — дейт.
Талас облусунун элине жардам берип келген “Жерүй” Алтын-Альянска жергиликтүү эл абдан ыраазы экенин айтышууда.



