Садыр Жапаровдун ММК өкүлдөрү менен жолугушуусундагы урунттуу учурлар
Кечээ президенттин м.а. Премьер министр Садыр Жапаров Кыргызстандагы ММК өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, баардык суроолоруна жооп берди.
Жапаровдун бир айлык мөөнөтүндөгү аткарылган жана аткарыла турган иштери боюнча ММК өкүлдөрү баардык суроолорду берди. Буга чейинки бийликте ММК өкүлдөрү менен жолугушууда журналисттер тандалып, кийген кийиминен бери каралып, бериле турган суроолор фильтирленип анан бийлик башчылары менен жолугушуу өткөнү журналисттердин эсинде бар.
Ал эми Садыр Жапаров менен журналисттердин жолугушуусу, бериле турган суроолор эч кандай фильтирленбей, баардыгы ачык, каалаган суроолорун бере алганы өзгөчөлөндү.
Садыр Жапаровдун ар бир кадамынан баштап туугандары, Кыргызстандын азыркы абалы, Кытайга болгон карызыбыз, андан кутулуу жолдору тууралуу суроолор берилди. Арасында кээде ыңгайсыз да суроолор берилип жатты. Жапаров журналисттердин берген суроолоруна так жана ишенимдүү жооп бергени коомчулуктун көңүлүн бурду. Эки саатка чукул убакыттын ичинде бир нече суроолор, сындар айтылды. Баарына кырааты менен ишенимдүү жооп берди.
Журналисттерди кызыктырган суроолордун бири Садыр Жапаровдун эжеси Райкүл Жапаровага токтолду. Анын камалуусу тууралуу кенен айтып берди журналисттерге. Убагында Садыр Жапаровду темир тор артынан анын Кум-Төр боюнча көргөзмөсүнөн баш тартуу сунушу түшкөн экен. Бирок ошол кездеги бийликтин сунушуна макул болбой койгондо, эч себепсиз эле анын эжеси Райкүлдү 20 күн камакка алганын айтты. Жапаров ошол кездеги бийлик менен келишимге келбей, айткан сөзүнөн кайтпаганы үчүн аны камактан чыгарбаганын ачыктады.
Темир тор артында карапайым адамдардын балдары өз укугун билбейм, билимсиздигинен улам тагдырдын оор кырдаалына кабылганын, далай балдарга жардам бергенин, аларды түрмөдөн чыгарууга көмөкчү болгонун айтты. Түрмөдө байлардын, чиновниктин балдары эмес, карапайым сабатсыз үй булөнүн балдары отураарын, аларга билим жетишпей, тагдыры талкаланып жатканын айтты. Эми ошондой жеңил кылмышы үчүн соттолгон жаштардын тагдырын талкалабай, аларды эркиндикке чыгаруу маселеси каралып жатканын маалымдады. Албетте, оор кылмыш жасагандар темир тордон чыкпашы керек, бирок адилетсиз отургандардын иши кайрадан карала тургандыгы ачыкталды.
Кыргызстандын Кытайга болгон карызы тууралуу журналисттер суроо берип, эмне себептен азыр эсеп ачылып, жарандар акча топтоп жатышат деп да сурашты. Себеби, акча топтоого баардык эле жарандар макул эмес экендигин билдиришти. Буга Садыр Жапаров жакшы жооп берди. Эч ким ачылган эсепке акча которууга милдеттүү эмес экенин, каалоочулар атайын эсепке акча топтосо боло турганын эскертти.
Кыргызстанда диктатура болбойт, себеби “эл ага жол бербейт” же “өзүнүн аны орнотоюн деген ою жок” деди журналисттердин мурунку бийликтин кетирген катасы тууралуу берген суроосуна.
Ал эми ЖК депутаттарынын кыскартуу маселеси тууралуу суроого жаңы сунушталып жаткан Конституциянын долбоорунда 35 депутат бир мандаттуу округдан, 50сү партиялык система менен Жогорку Кеңешке келе алат. Жалпысынан 90го жакын депутат боло турганын айтты.
“Тышкы карыз үчүн Нарындагы Жетим-Тоонун бир куму да башкаларга берилбейт, өзүбүз иштетебиз”, — деди. Кытайдын карызынан кутулуу жолдорун издеп жатканын айтты.
“Алмазбек Атамбаевди үй камагына чыгарып коёт элем, бирок эртең сөз кыласыңар”, — деди. Андыктан сот карап, чечим чыгарышы керектигин, аларга көрсөтмө бере албастыгын айтты.
Бюджеттен сырткары каражаттан насыя алып, төлөй албай калгандардын карызын жабуу үчүн 1,2 млрд. сом бөлүнгөнү тууралуу айтты.
Экономикалык мунапыс боюнча мыйзам азыр Жогорку Кеңештин кароосунан өтүп жатат. Толук кандуу үч окуудан өтүп келсе, кол коюп анан кетерин айтты. Бул ийгиликтүү ишке ашат деген ишенимде экенин билдирди.
Эгерде президенттик шайлоодо жеңилип калса, анын тарапташтары митингге чыкпай турганын айтып, убада кылды.
Журналисттер менен суроо-жооп, талкуу ачык айкын, абдан кызыктуу өттү.
Кечээ журналисттер менен жолугушуудан кийин Садыр Жапаров Россиянын лидери Владимир Путин жана Россиянын пемьер-министри Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү тууралуу маалымат чыкты.
Кыргызстан стратегиялык өнөктөштүктү жана Россия менен мамилени өнүктүрүп, бекемдөөгө өзгөчө маани берерин жана болгон күчүн жумшаарын, эки өлкөнүн кызматташтыгы боюнча актуалдуу маселелерди чечүү үчүн баардык аракеттер болоору айтылды.
Сүйлөшүүнүн соңунда тараптар эки мамлекеттин өкмөттөрү тыгыз байланышта иштөөсүн уланта берерин айтышты.
Россия менен Кыргызстан өнөктөш мамлекет болуп, экономикалык жактан бири-бирине колдоо көрсөтүп келген. Демек, мындан ары да мамилелер үзүлбөй улана бермекчи.