Премьердин пресс-конференциясы натыйжалуу болду

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров журналисттерге пресс-конференция берди. Бирок ал буга чейин журналист коомчулугу менен эки ирет жолугушкан. Буга чейинки жолугушуулар суроо-жооп форматында, рамканын ичинде эмес, бейформал, эркин болгон. Журналисттер өлкөдөгү көйгөйлүү маселелерди көтөрүп, анын баарын Жапаров өз блокнотуна жазып алган… Пресс-конференцияда ошол жазылып алган көйгөйлөрдү чечүү аракеттери, кайсы маселе боюнча кандай иш жүрүп жатканы боюнча маалымат берди.
Бул жолку жолугушуу суроо-жооп иретинде өтүп, пресс-конференция каалаган ММК катталып катышышты. Баш-аягы 86 республикалык жана чет-элдик ММК катталып, 148 журналист чогулушту. Бул кирсин, тиги кирбесин деген тандоо болбогону, баарына эшик кеңири ачылганы журналисттердин эле санынан байкасак болот. Суроолорго да чектөө коюлган жок, каалаган суроолор берилди. Жакканы-Садыр Жапаров бардык суроого кыргыз тилинде жооп бергени болду. Бул билинбеген менен мамлекеттик тилге салым кошуп жатканы. Казакстандын президенти Н. Назарбаев деле орус тилинде түш жооруйт, бирок ал өз тилин биринчи орунган койуп, дайыма казакча сүйлөйт. Башчысын тартып бардык чиновниктери жалаң казакча сүйлөшөт. Эгерде С. Жапаров баштаган жөрөлгөнү аягына чейин уланта берсе, биз деле казактардан кем калбай, өз эне тилибизди сыйлап, сүйлөп каларыбыз алыс эмес.

Жапаров Россиянын премьер-министри М. Мишустин менен сүйлөшүп, Россиядагы окуп жана иштеп жаткан биздин жарандар үчүн жолду ачууну сүйлөшүү жүрүп жатканын айтып сүйүндүрдү.
Анан да өзү отуруп чыккан абактагы абалга дагы кайдыгер эместигин билдирди. Жапаров байкагандай, Кыргызстандын түрмөлөрүндө негизинен жакыр жана карапайым адамдар отурушат. Ал жерде бир дагы чиновниктин балдары отурбайт. Туура эмес соттолгондор көп. Алар биздин коррупциялашкан укук коргоо системасынын курмандыгы.
“Статистика үчүн милиция кызматкерлери кылмыш ишин козгоп, күнөөсүз адамдарга кине коюп келишкени жашыруун эмес”, — деген Садыр Жапаров өлкөнүн пенитенциардык тутуму реформага муктаж экенин баса белгиледи.
Конституциялык реформа боюнча суроого жооп берип жатып, Садыр Жапаров: «Кыргызстан эли диктатурага жол бербейт», — деди.
«Эксперттер Конституциянын жаңы долбоорун даярдап жатышат. Алар долбоорду даярдагандан кийин, ал парламентке сунушталат. Андан кийин парламент кандай жана эмне өзгөрөрүн чечет. Конституциялык реформа элдин талабы деп айта алам », — деп кошумчалады.
Жетим-Тоо участкасынын Кытайга өткөндүгү тууралуу маалыматты четке какты.
«Кытайга бир дагы метр жер берилбейт. Карызды төлөө үчүн булактарды издеп жатабыз. Бул маселе чечилет. Чечилбеген маселелер жок », — деп дем бере сүйлөдү.
Бул чечилчү маселелердин чети гана. Эгерде пресс-конференцияда айтылгандардын чети оюлуп, иш жүзүнө ашса Жапаровдун эл алдында жүзү жарык болот. Эл өзү эле көкөлөтүп алат…