Окуялар

Чүй ОИИББи: Айдоочуга каракчылык менен кол салып, акчасын тартып алган шектүү кармалды

2020-жылдын 10-октябрында түнкү саат 01:05 чамасында Панфилов РИИБнө кылмыш жасалгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Панфилов районунун ИИБнүн ыкчам тергөө  тобу окуя болгон жерге барышып, Чалдовар айылынын аймагында эмерек ташып жаткан айдоочуга белгисиз адамдар каракчылык менен кол салгандыгын аныкташкан. “Хонда” үлгүсүндөгү автоунаадагы белгисиз адамдар 33 жаштагы жарандын  башкаруусундагы “Мерседес-Спринтер” кичиавтобустун артынан келип кысып токтотуп, айдоочусуна күч колдонуп, денесине залал келтирип, андан соң жабырлануучудан ири суммадагы акчасын тартып алып, белгисиз тарапка качып кетишкен. Алдын ала маалыматтар боюнча, кол салган кылмышкерлер  64 миң АКШ доллар, 215,000 теңге, 8,500 сом өлчөмүндөгү акча каражаттарды ээлеп алышканы белгилүү болгон.

Бул факты КЖБРге катталып, Панфилов районунун ИИБдин Тергөө кызматы   Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин  202-беренеси (Каракчылык) боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

Бизге белгилүү болгондой, жабырлануучу көптөн бери чет өлкөдөн товарларды (эмеректерди) ташуу  менен алектенип  келген.

Кылмыштын бетин ачуу үчүн милиция кызматкерлери тарабынан керектүү экспертизалар дайындалып, тергөө буйруктары жөнөтүлүп, Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан эбегейсиз көп иштер аткарылган.

Чүй облусунун ИИББнын КМКнын кызматкерлери Панфилов райондук ички иштер бөлүмү менен биргеликте жүргүзүшкөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Чүй облусунун тургуну 27 жаштагы Ж.Н.  карактоого тиешеси бардыгы аныкталып, Чүй облустук ИИББнин  атайын операциялар отрядынын   колдоосу менен Бишкектеги ижарага алынган батирлердин биринен кармалды. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал буга чейин ушул сыяктуу кылмыштар менен соттолгону да белгилүү болду.

Учурда бул кылмыштын калган шериктерин кармоо иштери жүрүп жатат.

Сотко чейинки тергөө иштери уланууда.

Чүй ОИИББдин  Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button