Коом

Россиядан Кыргызстанга 50 миң тест-система жөнөтүлмөй болду

Россия коронавирус илдетинин жайылышын алдын алуу иш-чараларынын алкагында Кыргызстанга 50 миң тест-система жөнөтөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Биринчи вице-премьер Артем Новиков Россияга болгон жумушчу сапарынын алкагында Роспотребнадзордун жетекчиси, башкы санитардык дарыгер Анна Попова менен жолукту. Алар COVID-19 менен күрөш жана эпидемиологиялык коопсуздукту сактоо жаатында кызматташуу жөнүндө сүйлөшүштү.

«Коронавирус жайылып, оор кырдаал жаралган кезде Кыргызстанга жардам берген Россияга ыраазычылык билдирем. Илдет менен күрөшүүдө россиялык медиктердин ролу абдан чоң», — деди Новиков.

Тараптардын сүйлөшүүсүнүн натыйжасында Россия Кыргызстанга гумжардам катары 50 миң даана тест-система бермей болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button