Саясат
Президентке талапкерлердин саны 50дөн ашты
Пенсионер Базарбай Темишов менен «Борбордук Азиядагы тынчтык жана ѳнүгүү институту» коомдук бирикмесинин төрагасы Бактыбек Жумагулов президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз беришти. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматы билдирди.
Ушуну менен 14-ноябрь саат 17:00гө карата Кыргызстандын президенти кызматына талапкерлигин көрсөтүү үчүн БШКга документ тапшыргандардын саны 51 адамга жетти.
Алардын арасында Жогорку Кеңештин азыркы жана мурдагы депутаттары, саясий ишмерлер, экономист, пенсионерлер жана президенттин милдетин аткарып жаткан өкмөт башчы Садыр Жапаров да бар.
Жалпысынан БШКга президенттин кызмат ордуна талапкер катары көрсөтүү жөнүндө 52 арыз түшкөн. Кийин Бакыт Бакетаев арызын чакыртып алды.