Коом

Ата-Мекенге ак кызматын арнап келе жаткан Азамат Туленов

Мекенибиздин гүлдөп өнүгүүсүнө, ата-бабалардан келе жаткан салт саананы кийинки муундарга өткөрүп берүүгө салым кошуп, кыргыз жерибиздин, эл-журтубуздун бейпилдигин сакташ ар бир атуулдун ыйык милдети болуп саналат. Мына ушул атуулдук парзын Мекен алдында так аткарып, элинин-жеринин бейпилдигин коргоп келе жаткан эр азаматтардын катарында ИИМдин “Шумкар” Атайын багыттагы полкунун күжүрмөндөрү да бар.

Ташталган окуу. Аскердик ант. Атанын кубанычы…

Бүгүнкү биздин каарманыбыз ИИМдин “Шумкар” Атайын багыттагы полкунун Балыкчы шаарында жайгашкан өзүнчө ротасынын күжүрмөн-даярдык боюнча тескөөчүсү, милициянын лейтенанты Туленов Азамат Кубанычбекович. Азамат үй-бүлөдө 5 бир туугандын улуусу. Ал орто мектепти аяктаган соң,  Тоо-Кен институтуна окууга тапшырат. Ал жерде бир жыл окугандан кийин өзүнө туура эмес кесип тандаганын сезип,  ата-энесине айтпастан окуусун таштайт да,  аскер комиссариатына барып суранып жатып, ИИМдин Ички аскерлерине атуулдук милдетин аткаруу үчүн жөнөп кетет. Азамат аскерде кызмат өтөп жатканын ата-энесине аскердик ант берүүгө эки күн калганда гана кабарлайт. Баласынын мындай жоругуна атасы бир жагынан ачууланса, бир жагынан сүйүнүп, “менин балам бой жетип, өз Мекени үчүн кызмат кылууга кеткен турбайбы” деп ичинен бактылуу болгон экен…

Ошентип Азамат аскердик тартиби бекем жашоону бат эле өздөштүрүп, бөлүмчөнүн командири болот. Билинбей  бир жарым жыл убакыт өтүп, аскердик кызмат өтөө мезгили да аягына чыгат. Азамат ошол эле аскер бөлүктүн атайын отрядына контрактын негизинде кызматын улантууга калат.  Мурда жоокер катары кызмат өтөсө, эми чыныгы аскердик ыкмаларды, көнүгүүлөрдү өздөштүрүп, Мекен үчүн кызмат өтөөгө киришет.

Эненин көз жашы же эсте калган 2010-жыл…

…Убакыт учкан куш дегендей, күндөр-айлар өтүп, жылдар жылып, Азамат темирдей бек тартипте такшалып, өлкөнүн коопсуздугу, элдин бейпилдиги үчүн кызмат өтөп жүргөн мезгилде бир окуяга туш болот.  2010-жыл. Бир күнү атасы Азаматка телефон аркылуу байланышып, эжеси каза болгондугун кабарлайт.   Кабарды уккан Азамат ошол замат билдирме жазып, кыска мөөнөттөгү өргүүгө кетет. Ал айылга жаңы эле жеткен учурда, кызматынан телефон чалышып, аны кайра жумушка тез келүүсү керектигин айтышат. Эч нерсени түшүнбөгөн Азамат жумуштагы досуна чалып, эмне болуп жаткандыгын сурайт. Анда досу Ош шаарында коогалаң башталып, ал жакка жөнөтүлүп жаткан курама отряддын  тизмесинде А. Туленовдун да фамилиясы бар экендигин айтат. Азамат атасына иштин чоо-жайын түшүндүрүп, кайрадан кызматына жөнөп жатканда  энеси көз жашын төгүп:  “Бул эмне деген кызмат, эжеңди жерге бербестен кайра кетип жатасың?!” — деп буркурап ыйлаган бойдон калат. Эжесин ошентип акыркы сапарга узата албай калганын каарманыбыз ар убак көзүнө жаш алуу менен эскерип алат…

Азаматтай күжүрмөн жигиттер көп болсун!

Башынан ар кандай кырдаалдарды өткөргөн милициянын лейтенанты Азамат Туленов бир кезде өзү жаш кызматкер болсо, бүгүнкү күнү минтип жаш кызматкерлерге жол көрсөтүп, акыл-насаатын  айтып, кызматтык тажрыйбасы менен бөлүшүп келет. Учурда каарманыбыз жубайы экөө 1 уул, 1 кызды тарбиялап келишет. Жубайы Гулиза кесиби боюнча  мугалим,  жолдошун ар убак колдоп, “өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк” болуп, эртең менен жаркылдап узатып, кечинде  тамагын даярдап күлүп-жайнап тосуп алат.

Ички иштер органдарында кызмат өтөө оор жана татаал экендигин ар бир эле адам сезе билбесе керек. Бирок,  тандаган кесибиңди сүйгөн болсоң, анын канчалык татаал оор экенин сезбей, сыймыктануу менен иш алып барат эмессиңби.  Анда эмесе, милициянын лейтенанты Азамат Туленов өңдүү  мекенчил патриот уул-кыздарыбыз  дайыма арабызда бар болсун!

Адила ТЫНАЛИЕВА

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button