Коом

Коронавирус жуктургандарды дарылаган ооруканалар. Бош орундардын саны аз (ТИЗМЕ)

Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус жуктуруп алгандарды жаткыруу үчүн Бишкектеги бош оруну бар ооруканалардын тизмесин жарыялады.

16-ноябрь саат 8:00гө карата берилген маалыматка ылайык, тогуз ооруканада 99 бош орун бар. Ал эми коронавирус жуктурган бейтаптарды кабыл алган кыргыз-түрк «Достук» ооруканасы менен Улуттук хирургия борборунда азырынча орун жок.

  • Улуттук фтизиатрия борбору — 1;
  • Улуттук госпиталь — 25;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору — 3;
  • №1 шаардык клиникалык оорукана — 11;
  • Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 9;
  • Темир жол ооруканасы — 7;
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 25;
  • Улуттук онкология жана гематология ооруканасы — 11;
  • №2 клиникалык төрөт үйү — 7.

Кыргызстанда коронавирус аныкталган учурлардын саны 66 983кө жетип, анын ичинен 57 760 бейтап ооруну жеңген. Тилекке каршы, дарт 1 203 адамдын өмүрүн алды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button