ВИДЕО: “Жерүй” Алтын-Альянс Талас облусунун элине материалдык-техникалык жардамдарды берди

Буга чейин бир нече айылдын каралбай калган жолдорун оңдоп, көчөлөргө электр мамычаларын орнотуп, жарыктандырып, бала бакча куруп бергени тууралуу маалыматты чыгарган элек. Бул жолу Бакай-Ата районунун Оро айылына берилген жардам тууралуу айтып беришти.

Талас облусунун Бакай-Ата районунун Оро айыл өкмөтүнүн башчысы Мухамбет Казымов:
-Бизге “Талас өнүктүрүү фондунан” 2017-жылы 2 миллион сом бөлүнүп, 350 миңге трактор сатып алганбыз. Андан кийинки жылы электр мамыларын тарттырдык, “Бакубат Талас” фондунан быйыл да 2020-жылы жаңы салынган бала бакчанын бүтпөй калган иштерине, тосмолоруна да каражат бөлүнгөн.

Төрөбай Жаманкулов, Оро айылынын тургуну:
-2017-жылы “Жерүй” Алтын-Альянстын каржылоосунан улам айылга трактор сатып алынган. Бул техника бизге жакшы кызматын көрсөтүп жатат. Айыл эли техниканын жардамын жакшы эле пайдаланып, кызматын көрүп жатышат. Жакшы иштерди бүтүрүп жатабыз. Бизге каражат бөлгөн, айыл элин ойлогон өнүгүү фондусуна рахматыбызды айтабыз,- деди.
«Жерүй» Алтын-Альянстан алган жардамы үчүн Талас эле ыраазычылыктарын айтып келет.