Коом

Казакстан Кыргызстанга гумжардам катары 400 ИВЛ аппарат, 2 млн. бет кап жөнөтөт

Коронавирус менен күрөшүү максатында Казакстан Кыргызстанга гумжардам жөнөтөт. Бул тууралуу  белгилүү ММК булактары жазып чыгышты.

Ага ылайык, гумжардам коңшу өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы менен берилмекчи.

«Кыргызстанга өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттын 400 мобилдик комплекти жана Казакстандын ишканаларынан чыккан эки миллион бет кап жиберилмекчи», — деп айтылат маалыматта.

Билдирүүдө гуманитардык жардам боюнча мындай чечим кыргыз тараптын расмий түрдө кайрылуусунан кийин кабыл алынганы белгиленген.

Буга чейин Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолуккан. Анда тараптар COVID-19дун жайылышына каршы биргеликте аракеттерди көрүүгө өзгөчө көңүл бөлүшкөн.

Эске салсак, жакында эле Кыргызстанга Өзбекстандан коронавируска каршы күрөшүү боюнча дары жана медициналык каражаттардан турган жардам келген

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button