Коом
Коронавирус. Мектеп жашындагы балдардан да көп катталууда

Мектеп жашындагы балдар арасында COVID-19 илдети катталууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
“Сентябрда 7 жаштан 17 жашка чейинки балдар арасында жалпы 48 учур катталган, октябрь айында 6,5 эсеге жогору болуп, 315 учур катталган. 16-ноябрга карата 157 учур аныкталды. Алардын арасында мектептен жугузуп алган учурлар жок, бардыгы үй- бүлө мүчөлөрүнөн жуктурушкан”, – дейт ал өз сөзүндө.



