Саясат

Мамытканов президенттик шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабды жетектейт

Вице-премьер-министр Максат Мамытканов президенттик шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабды жетектейт. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов менен болгон жолугушууда премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков билдирген.

Жолугушууда Новиков өкмөт тарабынан президенттик шайлоону ачык-айкын жана азыркы мыйзамдарды бузбастан өткөрүүгө бардык күч-аракеттер көрүлөрүн белгилеп, ал үчүн республикалык штаб түзүлгөнүн жана аны вице-премьер-министр Максат Мамытканов жетектей турганын айткан.

Эскерте кетсек президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button