Алты жаштагы адашкан бала табылып, ата-энесине тапшырып берилди

Ош шаары менен Бирлешкен айылынын чектеш жеринде адашып калган 6 жаштагы Умарды ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында Араван районунун Гулбар айылынын тургундары Н. аттуу атасы менен чоӊ энесине өткөрүлүп берилди.
2020-жылдын 17-ноябрь күнү Ош облусунун Араван районунун Гулбар айылынын тургуну 1994-ж.т. К.к.Т. саат 11:30 чамасында Ош-Гулбар маршруттук линиясынан “Ош шаарынан атасы Н. Н. кутуп алат” деп айдоочуга дайындап 6 жаштагы баласын салып жиберген. Бала Ош шаарына келип жатып шаар менен Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн Бирлешкен айылынын чектеш жерине келип, маршруткадан түшүп, адашып калган. Ошол убакытта Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн Бирлешкен айылын тейлеген милициянын участкалык уполномоченный кызматкери, милициянын лейтенанты Өмүрбек у. Б. жана Козуев Ы. бул баланы көрүп, ыкчам сурамжылоо иштерин жүргүзүп, жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкери, милициянын кенже лейтенанты Жанышов Н. менен биргеликте баланын ата-энесин аныкташып, ата-энеси Кызыл-Кыштак айылдык милиция бөлүмчөсүнө чакырылып, атасына жана чоӊ-энесине өткөрүлүп берилди. Балага кайдыгер карабай ден соолугун зыян тийгизүүчү суукта калтырбай тез арада таап берген милиция кызматкерлерине ата-энеси ыраазычылык билдирди
Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы