Коом

ВИДЕО: “Жерүйдөн” алган жардамга Талас эли ыраазычылыгын билдирди

“Жерүй” Алтын-Альянс талас элине социалдык жактан жакшы жардамын берип келет.  2016-жылдан бери  миллиондогон  каражаттар айыл-чарба техникаларын сатып алууда, көчөлөрүн оңдоого, жарыктандырууга жана бала бакчаларды курууга жумшалган.

Талас облусунун Ынтымак айылы да “Жерүй” Алтын-Альянс аркылуу сатып алынган техникалар менен айыл элинин кызматын аткарып келет. Эл  бул фондго ыраазычылыгын билдиришүүдө.

Расул Тулекеев, Ынтымак айылынын тургуну:

-2016-жылы Алтын-Альянстын берген жардамынан улам  айыл-чарба техникаларын сатып алганбыз. Ушул тракторду сатып алганыбыз айыл үчүн абдан жакшы болду. Биздин айылдын ичинде канча бир жылдан бери оңдолбой жаткан жолдорубуз оңдолуп, түздөлдү. Канчалаган айыл элинин кызматын аткардык. Үй куруп жаткан айылдыктарга жакшы жардамы тийди.  Төрт жылдан бери ушул тракторду айдап, айыл элине кызматымды аткарып келе жатам.

Совет Аскарбеков, айдоочу:

-“Жерүй” аркылуу келген каражатка биздин айыл техника сатып алганбыз. Бул КаМАЗ болсо 2016-жылы сатып алынган. Төрт жылдан бери “Жерүйдүн” бизге берген техникасынан  айылдын эли үчүн оголе көп көрүнүктүү жана жакшы жардамдар болду. Ошондон бери айыл элине тынбай кызматыбызды жасап келе жатабыз. Кыш айында эле эки айга чукул  токтогонубуз болбосо дайыма иштеп турабыз.  Ар бир айда эки жолу эки айылды кыдырып, таштандыларын айылдан чыгарабыз. 

Медеркул Ызабеков,  Шадыкан айыл өкмөтүнүн башчысы:

-Шадыкан айыл өкмөтү эки айылдан турат.  2016-жылы Өнүгүү фондуна атайын долбоор жазылып,  2миллион 750 миң сом каражат бөлгөн. Андан кийин айыл элин таза суу менен камсыздоо максатында дагы долбоор жазылып 2 миллиондон ашык каражат жардам алдык.  Бул каражатка элге таза суу чыгарып бердик. Андан тышкары айылдагы көчөлөрдү жарыктандырууга да каражат бөлүнүп берилди.  Жалпысын айтканда өнүгүү фонду менен “Бакубат Талас” фондунан  биздин Шадыкан айыл өкмөтүндөгү эки айылга 8 миллиондун тегерегинде акча каражат сарпталып, элдин керегине жарады. Айыл элине жардам берген мындай фонддорго элдин атынан жана өзүмдүн атымдан ыраазычылык билдиребиз.

“Жерүй” Алтын-Альянс  Талас облусундагы алыскы аймактарда жашаган карапайым элдин жашоосуна жакшы жардамын берип келет. Айылдыктар бул фонддон алган каражатты пайдалуу ишке жумшап, азыркыга чейин ыраазычылыгын билдиришүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button