Дайырбек Орунбеков: «Жээнбековдор көөдөнү ток болуп тарбияланышкан»

Бийлик кумары тууралуу ойлор.
Кыргызстандын жаңы тарыхында президенттердин бийликтен кетиши дайыма драматически болуп келген. Бирок, Жээнбеков гана бийликке тырмышып, жабышпай, кете алды. Бийлик кумарынан кандай адам баш тарта алат? Көрбөй жүрүп, көргөн курусун деп коет элибизде. Жээнбековдордун атасы Шарип тууралуу “мыкты адам эле” деп, улуу муундун арасында ушул күнгө чейин айтылып келет. Уулдарына мыкты тарбия берип, Жээнбековдор көөдөнү ток болуп тарбияланышкан. Сооронбай Жээнбеков бийликке да ошол ток пейил мамилесин кылды. Убакыт улам өткөн сайын дагы да так баасын алат. Ошол күндөрү “жалгыз легитимдүү бийлик – президент Жээнбеков” деп, эл аралык коом дагы, өлкөдөгү саясий күчтөр, жарандык коом дагы айтып турду. Ошого таянып, кетпей деле койсо болмок. Анда окуя кандай өңүттө өнүкмөк, ким билет. Эң негизгиси – бийликке жармашпай, өлкөнүн, элдин кызыкчылыгын өз кызыкчылыгынан жогору кое алды.
… 2 президент качып кетти. Отунбаева, АША айткандай, аты жөнү бюллетенге жазылбай, шайланган номиналдуу бийлик болуп иштеди. АША кара күчкө бийликтен өз ыктыярым менен кеттим дегени менен, кара жанын карч уруп, Жээнбеков ээрге отурган күндөн тартып, бүгүнкүгө чейин, темир тордун артында болсо да, бийлик үчүн күрөшүн токтотпой келүүдө. Бийлик кумарынан адам өз ыктыяры менен баш тартышы кыйын эккендигин ушинтип тарыхыбыз тастыктап турган учурда Жээнбековдун президенттик бийликтен кетиши – бул ары дегенде эрдик, бери дегенде таң калыштуу көрүнүш.
Эми мындан аркы бийликке болгон күрөш кандай уланат – бул башка тарых.