Коом
Тёплые Ключи тоосунан 19 жаштагы жигиттин сөөгү табылды

Аламүдүн районунун Тёплые Ключи тоосу тараптан 19 жаштагы жигиттин сөөгү табылды. Бул туурасында Чүй облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди.
Милиция кызматкерлери тактоо иш-чараларын жүргүзүп, маркумдун Нарын облусунда туулган 19 жаштагы О.Э. аттуу жаран экени аныкталган.
Учурда ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат. Бул кылмыштын бетин ачууну Ички иштер министрлигинин жана Чүй ОИИББдин жетекчилиги жеке көзөмөлүнө алганы белгиленет.