Коом
Коронавирус. Жуктургандар көп, дагы алты бейтап каза тапты

Кыргызстанда өткөн суткада 304 киши коронавирус жуктурса, 349 адам сакайып чыкты. Ошол эле учурда алты бейтап каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Жуктургандар:
- Бишкек шаары – 101;
- Ош шаары – 2;
- Чүй облусу – 51;
- Ош облусу – 19;
- Талас облусу – 16;
- Нарын облусу – 3;
- Ысык-Көл облусу – 32;
- Жалал-Абад облусу – 72;
- Баткен облусу – 8.
Өлкөдө коронавирус аныкталган учурлардын саны 69 885ке жетти.
COVID-19 илдетинен каза тапкандар Бишкек менен Чүйдө экиден, Талас менен Ош облустарында бирден катталган.
Ушуну менен өлкөдө коронавирустан ажал тапкандардын саны 1 237 адамга жетти.
Ал эми 3 096 бейтап ооруканада дарыланып жатканы айтылат.
- Канааттандырарлык абалда — 65 адам;
- Орточо оор абалда — 2 064;
- Оор абалда — 829;
- Өтө оор абалда — 138.
Мындан сырткары, үй шартында медиктердин көзөмөлүндө 3 648 адам дарыланууда.