Коом
Бишкекте 1-декабрдан тарта ачылат

Бишкекте 1-декабрдан тарта ачылат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди.
Ал мындай сунушту Республикалык штабга бергенден кийин алар уруксат кылганын белгилеген.
“Биз 1-декабрдан тарта ачуу боюнча чечим кабыл алганы жатабыз, бирок залдар 50 пайызга гана толот. Соода борборлордогу тамак-аш саткан жайлар дагы ачылат. Санитардык нормалар боюнча алгоритм жакшы”, — деди Түлөбаев.
Ал ошондой эле мектеп, бала бакчаларды эске албаганда акырындык менен шаардагы чектөөлөр алынарын, тойканаларга өзүнчө алгоритм киргизилерин кошумчалады.