Коом

Өткөн суткада коронавирус 427 кишиден табылып, 439 бейтап айыкты. Статистика

Бир суткада коронавирус 427 кишиден табылып, 439 бейтап ооруну жеңди. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.

Ага ылайык, адаттагыдай эле ооругандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында.

Жуктургандар:

Бишкек – 178;
Ош – 17;
Чүй облусу – 94;
Ош облусу – 36;
Талас облусу – 13;
Нарын облусу – 2;
Ысык-Көл облусу – 35;
Жалал-Абад облусу – 23;
Баткен облусу – 28.

Ушуну менен ооруну илештирип алгандардын саны 71 171ге жетти. Анын ичинен 57 760 бейтап айыкса, 1 251 адам каза тапты.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 16 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталган. Алардын ичинен бирөө ооруну кызыл зонадан илештирген.


Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button