Коом
Конституциялык кеңешмеде өлүм жазасын киргизүү сунуш айтылууда

Конституциялык кеңешмеге катардагы жарандардан ар түрдүү сунуштар келип жатат. Алардын бири оор кылмыш кылгандары өлүм жазасына тартуу. Бул тууралуу Конституциялык кеңешменин жалпы жыйынында «Адам укуктары боюнча» секциянын модератору Нурлан Шерипов билдирди.
Баш мыйзамга өлүм жазасын киргизүү келип түштү. Сунуш көпкө талкууланды. Аягында секциянын мүчөлөрү Кыргызстанга өлүм жазасын киргизүү менен биз көптөгөн эл аралык келишимдерди бузуп алабыз деген жыйынтыкка келишти»,-деди Шерипов.