Коом

УКМК ишкердин соода түйүнүн тартып алмакчы болгон шектүүлөрдү кармады (ФОТО)

Ишкерди коркутуп, соода түйүнүн тартып алууга аракет кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Ыкчам-издөө иш-аракеттеринин натыйжасында 25-ноябрь күнү 32 жаштагы Э.Т. жана Э.К. кармалган.

«Колго түшкөн жарандар 2020-жылдын сентябрь айында жеке ишкерди коркутуп, Бишкектеги соода комплекстердин бириндеги түйүнүн тартып алууга аракет жасашкан. Ошондой эле ишкерди шаар четине чыгарып дагы коркутушкан», — деп айтылат маалыматта.

Факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренеси («Опузалап талап кылуу») боюнча катталып, кылмыш иши козголгон. Учурда УКМК аталган фактыга тийиштиги бар башка шектүүлөрдү издеп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button