Коом

Прокуратура: Мектепте иштебеген мугалимдерге айлык төлөнгөн факты аныкталды

Бишкек шаарындагы Биринчи май районунун билим берүү борбору бюджетти 5 миллион 221 миң сом чыгымга учуратканы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, №28 мектепке мугалим, лаборант, кружоктордун жетекчиси катары 10 адам мыйзамсыз жумушка алынган.

«Алардын документтери каттоого алынганы менен жумушка келип иштешчү эмес. Бирок 2015-жылдан 2020-жылга чейин аларга айлык жүрүп турган. Натыйжада бюджетке 5 миллион 221 миң сом зыян келтирилген», — дешти Башкы прокуратурадан.

Үстүбүздөгү жылдын 13-ноябрында аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 329-беренеси («Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу») боюнча каттоого алынган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button