Коом

Жалал-Абадда жер титиреди

Бүгүн, 27-ноябрда, саат 11:59да Жалал-Абадда күчү үч баллга жеткен жер титиреди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Жер титирөө Базар-Коргон районунун Арсланбаб айылында үч баллга, Жай-Терек, Оогон-Талаа, Гүмкана айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала алынган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button