Окуялар

УКМК криминалдык авторитет «Дженгого» издөө жарыялады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет «Дженго» каймана аты менен таанымал кримтөбөл Кадыр Досоновго издөө жарыялады. Бул тууралуу аталган ведомстводон кабарлашты.

УКМК уюшкан кылмыштуу топторду аныктоо жана алардын мыйзамсыз иштерине бөгөт коюу боюнча аракеттерин улантууда. Анын негизинде Досонов бирөөнүн менчигине байланыштуу оор кылмышка шектелип жатат.

28-октябрь күнү Ош шаардык соту тарабынан Досоновду камакка алуу боюнча сыртынан өкүм чыгарылып, издөө жарыяланды.

УКМК учурда анын жүргөн жерин аныктоо жана башка кылмыш иштерге тиешеси бар-жогун аныктап жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button