Окуялар

Ок атуучу курал алып жүргөн 18 жаштагы жигит кармалды

Милициянын кайгуул кызматкерлери мыйзамсыз курал алып жүргөн  жаранды кармады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2020-жылдын 29-ноябрда милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, болжол менен саат 08:30 чамасында Фрунзе жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде өзүн туура эмес абалда алып жүргөн белгисиз жаранды байкашып, аны текшерүүгө алышкан. Кызматкерлер тарабынан текшерүү учурунда 2002-жылы туулган А.А. аттуу жаран белгисиз үлгүдөгү  тапанча жана анын  6 патронун мыйзамсыз алып жүргөндүгү аныкталган.

Бул факты боюнча 2002-жылы туулган А.А. аттуу жаранды Свердлов райондук ИИБне өткөрүп беришкен.

Азыркы учурда Свердлов райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button