Сокулукта дүкөндөргө уурулукка кирип жүргөн шектүүлөр кармалды

Сокулукта уурулукка шектелген 3 адам кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин Сокулук РИИБге бир нече жаран арыз менен кайрылышкан. Алар ушул жылдын ноябрь айынын ортосунда чач тарач салонунан кымбат электр чач алгыч жана башка косметикалык буюмдар, Сокулук районундагы бир нече дүкөндөн акча, азык-түлүк уурдалганын билдиришкен. Келтирилген зыяндын өлчөмү аныкталууда.
Бул фактылар Сокулук РИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Анын жыйынтыгында аталган кылмыштарга шектүү делип үч жаран кармалды. Алар: 21 жаштагы А.Э. 20 жаштагы Ш.Б. жана 28 жаштагы Ч.Н.
Кармалгандардын Чүй облусундагы 6 уурулук кылмышына тиешеси бар экендиги аныкталды, алардын ичинен 4 кылмыш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.
Андан тышкары кармалгандардын ушул сыяктуу башка уруулук кылмыштарына тиешеси бар экендиги текшерилүудө.
Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.