Коом

“Каркыра-автожол” көзөмөл-өткөрүү пункту жазга чейин жабылды

2020-жылдын 30-ноябрынын саат 18:00дөн тарта Кыргызстан-Казакстан чек арасындагы “Каркыра-автожол” көзөмөл-өткөрүү пункту жазга чейин жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аба-ырайынын жана жолдогу шарттардын бузулганына байланыштуу “Каркыра-автожол” (Кыргызстан) – “Каркыра-автожол” (Казакстан) көзөмөл-өткөрүү пункту 2021-жылдын 1-мартына чейин жабылат.

Белгилей кетсек, “Каркыра-автожол” көзөмөл-өткөрүү пункту Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button