32 жаштагы жигитти өлтүргөн деп 58 жана 60 жаштагы кишилер кармалды (ФОТО)

Ошто адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө 28-ноябрь күнү саат 09.01де Ош шаарынын 62 жаштагы жаран телефон чалып, кеч үйгө келбеген уулун издеп чыгып, Ош шаарынын Атабаев көчөсүнөн канга боелуп каза болуп жаткан уулу 32 жаштагы П.А. тапкандыгын билдирип, маалымат берген.

Жансыз дене табылган жерге Ош ШИИБнын жетекчилиги, ыкчам тергөө тобу барып, маркумга кароо жүрузүшкөн. Маркумдун денесинде бычактан алган жарат издери болгон.
Издөө иликтөө иштеринин натыйжасында бул кылмышка шектүү катары Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман тоо милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын 58 жана 60 жаштардагы эки Ош шаарынын тургундары кармалышты. Экөө тең мурда адам өлтүрүү боюнча соттолуп чыгышкан.

Шектүү катары кармалган 1962-жылы туулган С.О.нун жашаган үйүн кароо учурунда канн болгон кийимдер, 1 даана кандын тактары бар аш бычак жана узундугу 40 см. таяк табылган.
Тергөөнүн алгачкы маалыматына ылайык алгачкы конфликт маркум П.А. менен С.О.нун ортосунда 27-ноябрдан 28-ноябрга караган түнү ичкилик ичип отурушуп, мас абалда «сен мени сыйлайсыңбы, же сыйлабайсыңбы?» деген талкуудан улам күчөп, аягы адам өлүмүнө алып келген.
Учурда бул кылмышка шектүү катары 58 жаштагы С.О. жана 60 жаштагы Ж.А. адам өлтүрүүгө шектүү катары убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Иликтөө иштери уланууда.



