Коом

Бишкекте кинотеатр, компьютердик клубдар иштей баштады

Ордо калаада бүгүндөн тарта кинотеатр, компьютердик клуб жана соода борборлордогу тамак-аш саткан жайлар иштеп баштады. Бул тууралуу вице-мэр Айжан Чыныбаева маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, муну менен катар ишкерлерге бир нече талап коюлган.

«Аталган жайларда санитардык-эпидемиологиялык талаптар аткарылышы шарт. Ар бир кардардын бет кап тагынып жүргөнү көзөмөлгө алынып, аларды аралыкты сактап отургузуу зарыл. Ошондой эле залдар 50 пайызга гана толушу керек», — деди Чыныбаева.

Вице-мэр ишмердүүлүгүнө уруксат берилген жайлар тез-тезден текшерилип турарын эскертти.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button