Коом

Балбак Түлөбаев жаңы конуштагы жерлерди мыйзамдаштырарын айтты

Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев мөөнөтү аяктагыча жаңы конуштардагы жерлерди мыйзамдаштырып кетерин онлайн-брифингде билдирди. 

Түлөбаев апрелге чейин гана иштей турганын айтып, бул аралыкта калаада чоң өзгөртүүлөрдү жасоого жетишпей каларын белгиледи.

«Мен бул кызматта апрель-майга чейин эле отурам. Ага чейин жасап, бүтүрүп кетчү бир топ тапшырмаларым бар. Алардын бири — жаңы конуштардагы жерлерди мыйзамдаштыруу. Мындан сырткары, автобус көйгөйүн чечип, структуралык өзгөртүүлөрдү жасайм. Жерлерди инвентаризация кылып да жетишишибиз керек. Эң башкы тапшырма — элди кыштан, коронавирустан аман-эсен алып чыгуу», — деди калаа башчынын милдетин аткаруучу.

Түлөбаев Бишкекти ТЭЦ-2 районун көздөй чоюу маселесин карап чыгуу боюнча премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков тапшырма бергенин айтып, бул тема дагы талкуулана турганын белгиледи.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button