Коом

Коронавирус. 335 кишиден аныкталып, эки бейтап каза тапты

Кыргызстанда соңку суткада 335 киши коронавирус инфекциясын жугузуп алды, ошондой эле 478 бейтап ооруну жеңди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек — 84;
  • Ош — 28;
  • Чүй облусу — 107;
  • Ош облусу — 35;
  • Талас облусу — 2;
  • Нарын облусу — 15;
  • Ысык-Көл облусу — 25;
  • Жалал-Абад облусу — 17;
  • Баткен облусу — 22.

Ушуну менен өлкөдө COVID-19 жуктургандар 73 513кө жетти.


Өткөн суткада коронавирустан көз жумгандардын бири Бишкек шаарынын, экинчиси Ош облусунун тургуну болгон.

Ушуну менен көз жумгандардын жалпы саны 1 277ге жетти.

Азыркы тапта ооруканада 2 651 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 119 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда.

Ооруканада жаткандар:

  • 27 — канааттандырарлык абалда;
  • 1 794 — орто оор;
  • 711 — оор;
  • 119 — өтө оор абалда.

Ал эми 3 600 бейтаптын медициналык жардамды үйлөрүнөн алып жатканы маалым болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button