Саясат

Бүгүн Талант Мамытов Кыргызстандын атынан ЖККУнун сессиясына катышат

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов ЖККУнун Коопсуздук кеңешинин видеоконференция форматындагы сессиясына катышат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Иш-чара бүгүн, 2-декабрда, өткөрүлмөкчү. Анда уюмдун мындан аркы ишмердүүлүгү, ЖККУнун уставдык органдарынын сессияларындагы чечимдердин ишке ашырылышы, мүчө мамлекеттердин парламенттер аралык кызматташуусун бекемдөө маселелери талкууланат.

Жыйынга Беларустун президенти Александр Лукашенконун, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин, Россиянын президенти Владимир Путиндин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун, Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын, ошондой эле ЖККУнун башкы катчысы Станислав Застын катышуусу күтүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button