Ошто бюджеттен миллиондорду уурдаган коррупционер кармалды

Финансы полициясы мамлекеттик бюджеттен миллиондорду жеке капчыгына катып алган дагы бир жетекчини кармады.
ЭККМК Ошто сотко уурдалган бюджеттик каражаттар боюнча сотко чейинки териштирүү иштерин жүргүзүүдө.
Белгилүү болгондой, Ош облусунун капиталдык курулуш башкармасы ОсОО «С.Т.» менен подъезд жана «Кенсай» турак жай аймагындагы жолдорду куруу боюнча келишимин түзгөн соң 42,9 млн сом которулган. Бирок бүгүнкү күндө объект эксплуатацияга өткөрүлө элек. Ошондой эле аткарылбаган иштердин суммасы 13 млн сомду түзгөн.
26-ноябрь күнү көрсөтүлгөн компаниянын жетекчиси – П.Т. кармалып, СИЗОго камакка алынган.
Учурда тергөө иштери улантылып, бул мыйзам бузууларга тийиштүү жарандардын тизмеси такталууда. Ошону менен бирге уурдалган каражаттарды мамлекеттик бюджетке кайтаруу аракеттери жүрүүдө деп айтылат билдирүүдө.