Коом

«Кадастрдын» директору Абдумуктар Маматов коррупцияга шектелип кармалды (ФОТО)

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Жер ресурстары агенттигинин алдындагы «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын директору Абдумуктар Маматовду кармады. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, аталган ишкананын жетекчилиги аймактык бөлүмдөрдүн башчыларынан мыйзамсыз түрдө акча жыйнап туруктуу негиздеги коррупциялык схема түзгөнү белгилүү болгон.

Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы бул боюнча сотко чейинки өндүрүш ачып, иликтөөнүн алкагында системалуу түрдө акча жыйноо фактысына тиешеси бар адамдарды аныктаган.

Чогулган материалдардын негизинде кечээ, 2-декабрда, Абдумуктар Маматов кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button