Коом

Коронавирус. Жуктургандар жана каза болгондор Бишкекте көп. Статистика

Өткөн суткада 420 адамдан коронавирус аныкталды. Ошол эле маалда 400 бейтап ооруну жеңип, айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургундар:

  • Бишкек – 179;
  • Ош – 8;
  • Чүй облусу – 112;
  • Ош облусу – 26;
  • Талас облусу – 13;
  • Нарын облусу – 4;
  • Ысык-Көл облусу – 35;
  • Жалал-Абад облусу – 15;
  • Баткен облусу – 28.

Ушуну менен коронавирус жуктургандардын саны 73 933кө жетип, 65 589 бейтап айыкты.

Тилекке каршы, өткөн суткада коронавирус төрт адамдын өмүрүн алып, каза тапкандардын жалпы саны 1 281ге жетти.

Билдирүүгө ылайык, көз жумгандардын үчөө Бишкек шаарынын, бирөө Ош облусунун тургуну болгон.

Ушуну менен көз жумгандардын жалпы саны 1 281ге жетти.

Азыркы тапта ооруканада 2 689 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 120 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда.

Ооруканада жаткандар:

  • 37 — канааттандырарлык абалда;
  • 1 809 — орточо оор;
  • 725 — оор;
  • 120 — өтө оор абалда.

Ал эми 3 570 бейтаптын медициналык жардамды үйлөрүнөн алып жатканы маалым болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button