Окуялар
ВИДЕО: Финпол 250 миң сом пара берген адамды кармады

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Ысык-Көл облусунда кызмат адамына 250 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан адамды кармады.
Финполдун маалымат кызматынын билдиришинче, 1-декабрда Т.А. аттуу жаран кылмыш иши боюнча маселени өзүнүн пайдасына чечүүгө аракет кылып, кызмат адамына ири өлчөмдөгү пара берип жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.
Ошол эле учурда кайсы кызматкерге бергени айтылган эмес.
Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Жазык кодексинин 328-беренеси («Пара берүү») менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Ал эми кармалган адам Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө жүрүп жатат.