Саясат

Дагы бир талапкер президенттик шайлоого катышуудан баш тартты. Канча талапкер калды (ТИЗМЕ)

«Балыкчы Ак-Жол Ынтымагы» коомдук бирикмесинин төрагасы Акжолтой Тукунов мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоого катышуудан баш тартып, документтерин чакыртып алды. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматы билдирет.

Ошентип, учурда 42 талапкер калды:

  1. Абдыкаар Сыдыков — пенсионер;
  2. Адахан Мадумаров — «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери;
  3. Аймен Касенов — РКӨФ башкармасынын мурдагы мүчөсү ;
  4. Арстан Алай — активист;
  5. Мыктыбек Арстанбек – «Халал» индустриясын өнүктүрүү борборунун жетекчиси;
  6. Жеңишбек Байгуттиев — «Толубай» АКБ ЖАКсынын директорлор кеңешинин кеңешчиси;
  7. Канат Исаев — ЖКнын мурдагы төрагасы;
  8. Клара Сооронкулова — Конституциялык палатанын мурдагы судьясы;
  9. Кубан Чороев — экономист;
  10. Назарбек Нышанов — активист;
  11. Рашид Тагаев — «Ошгаз» филиалынын мурдагы директору;
  12. Элеонора Турдубекова — Ч. Базарбаев атындагы хореографиялык окуу жайынын интернатынын башчысы;
  13. Урустам Кабылбеков — Г. Мерцбахер атындагы мөңгүлөрдү сактоо боюнча коомдук экологиялык фонддун президенти;
  14. Ильгиз Товкеев – учурда убактылуу иштебейт;
  15. Бактыбек Калмаматов – Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты;
  16. Жамбылбек Камчиев – куудул.
  17. Арсланбек Малиев — Чет өлкөлөр менен кызматташуу жана достук кыргыз коомдорунун бирикмесинин президенти;
  18. Токтайым Уметалиева – «Ай-Данек» гезитинин редактору.
  19. Бакыт Романов — убактылуу иштебейт;
  20. Курсан Асанов — ички иштер министринин мурдагы орун басары;
  21. Бакир уулу Турсунбай — «МЗФ Групп в Кыргызстане» ЖЧКсынын башкы директору;
  22. Ербол Токтогулов — иштебейт;
  23. Имамидин Ташов — ОсОО «KG Group» ЖЧКсынын башкы директору.
  24. М. Болгомбаев;
  25. Темирлан Ормуков – эмгек тажрыйбасы жок;
  26. Садыр Жапаров – КР премьер-министри;
  27. Каныбек Иманалиев – ЖК депутаты;
  28. Равшан Жээнбеков – убактылуу иштебейт;
  29. Айбек Эркетаев — убактылуу иштебейт;
  30. Санжарбек Энназаров — «Дари Строй» ЖЧКсынын директору;
  31. Жаныбек Сүйүналиев — убактылуу иштебейт;
  32. Кубанычбек Исабеков — «Нарын» ЖЧКсынын башкы директору;
  33. Бактыбек Жумагулов – «Борбор Азиянын өнүгүү жана тынчтык институту» коомдук фондунун төрагасы;
  34. Бакыт Керимбеков — КР Пауэрлифтинг федерациясынын президенти;
  35. Бабыржан Тольбаев — «М Булак» ММК ЖЧКсынын башкы директору;
  36. Адилет Маматов — «Бишкек санитардык таштанды жайы» муниципалдык ишканасынын бөлүм башчысы;
  37. Кубанычбек Токтосунов — убактылуу иштебейт;
  38. Улукбек Кочкоров — убактылуу иштебейт;
  39. Элдар Абакиров — убактылуу иштебейт;
  40. Абдил Сегизбаев — убактылуу иштебейт;
  41. Мирлан Калыбеков — убактылуу иштебейт;
  42. Саматбек Ибраев – ЖК депутаты.

Президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button