Садыр Жапаров жердештеринин да коррупция боюнча камала башташканын айтты

Садыр Жапаров баш прокурор, УКМК жана ИИМ жетекчилерин дайындап жатканда, эч бир олигархтын, же кайсы бир чиновниктин таламын талашпоону убадалаганын айтат. Бул тууралуу билдирүү анын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
Ал коррупциялык иштерге аралашкандар баардыгы жооп берээрин эскертти.
«Элдин мүлкүн кайтарып беришсин да. Азыр эми менин деле тааныш чиновниктерим, жердештерим коррупциялык иштери боюнча камала башташты. Туугандары чыгарып бер деп келип жатышат. Биринчиден, мен азыр эч ким эмесмин. Экинчиден, «айтылган сөз, атылган ок». Баарыбыз мыйзам алдында бирдей жооп берели. Ансыз коррупцияны жоё албайбыз. Экономиканы көтөрө албайбыз. Экономиканы көтөрө албасак эч качан күчтүү мамлекетти кура албайбыз. Ушинтип, баары бири-бирине байланыштуу, туугандар», — деп белгиледи Садыр Жапаров.