Коом

Депутат Дастан Бекешев кара куурайды адалдаштырыш керек дейт

Депутат Дастан Бекешев кара куурайды (марихуана) адалдаштыруу (криминалсыздаштыруу) маселесине кайрылууну сунуштап жатат. Бул тууралуу ал өзүнүн Telegram-канале билдирди.

«Биз криминалсыздаштырбасак, бизде милиция мыйзамсыз түрдө анаша чеккендердин эсебинен акча жасап жатат», — деп эсептейт Дастан Бекешев.

Мурдараак БУУнун (ООН) комиссиясы өтө коркунучтуу наркотиктердин тизмесинен каннабисти чыгарып салган.

2019-жылдын январында Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ВОЗ) каннабис (кара куурай) жана ага байланышкан заттардын айланышын көзөмөлдөө жагын өзгөртүү боюнча бир катар рекомендацияларды бергени айтылат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button