Коом
Коронавирус. Акыркы суткада 293 кишиден аныкталып, дагы эки бейтап каза тапты

Өткөн суткада коронавирус 293 кишиден аныкталды. Ошол эле маалда 407 бейтап ооруну жеңип, айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
- Бишкек шаары – 121;
- Ош шаары – 4;
- Чүй облусу – 63;
- Ош облусу – 3;
- Талас облусу – 11;
- Нарын облусу – 1;
- Ысык-Көл облусу – 46;
- Жалал-Абад облусу – 30;
- Баткен облусу – 12.
Ушуну менен өлкө боюнча коронавирус жуктургандардын жалпы саны 75 395ке жетип, анын ичинен 67 400ү ооруну жеңди.
Ал эми каза болгондор тууралуу айтсак, өткөн суткада эки кыргызстандык COVID-19 илдетин жеңе алган жок. Бири Бишкек шаарынын, экинчиси Чүй облусунун тургуну болчу.
Пандемия башталгандан бери коронавирустан көз жумгандардын саны өлкө боюнча 1 297 болду.
Стационардагы дарыланууда 2 520 бейтап бар. Алардын ичинен:
- 32 — канааттандырарлык абалда;
- 1 751 — орто оордукта;
- 626 — оор абалда;
- 111 — өтө оор абалда.



