Коом

Түлөбаев: Жаңы конуштагы жерлерди мыйзамдаштырууда ортомчуларга ишенбегиле!

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев жаңы конуштардагы жерлерди мыйзамдаштыруу акысыз болорун айтып, ортомчуларга алданып калбоону эскертти.

Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу билдирген.

«Бишкектин жаңы конуштарындагы документи жок үйлөрдү мыйзамдаштырабыз. Бул бекер болот. «Акча чогулткула, биз чуркайбыз» дегендерге ишенбегиле! Кызыл китеп аларда гана банкка акча төлөйсүздөр. Башка төлөмдөр болбойт», — деп жазган Түлөбаев.

Буга чейин мэрдин милдетин аткаруучу мөөнөтү аяктагыча жаңы конуштардагы жерлерди мыйзамдаштырып кетеринн айткан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button