Коом

Коронавирус. 295 кишиден аныкталып, 4 бейтап каза тапты. Статистика

Өткөн суткада өлкөдө 295 кишиден коронавирус табылып, 473 бейтап ооруну жеңди.  Ошол эле учурда төрт бейтап акка моюн сунду.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 68;
  • Ош – 10;
  • Чүй облусу – 87;
  • Ош облусу – 13;
  • Талас облусу – 8;
  • Нарын облусу – 4;
  • Ысык-Көл облусу – 56;
  • Жалал-Абад облусу – 34;
  • Баткен облусу – 15.

Акыркы суткада коронавирустан каза  тапкандардын үчөө Бишкекте болсо, бирөө Ош облусунда.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 75 690го жетип, 67 873 бейтап айыкты. Тилекке каршы, оорудан 1 301 адам каза тапты.

Азыркы тапта ооруканаларда 2 426 бейтап дарыланып жатат. Алардын ичинен 598 кишинин абалы оор деп бааланса, 106сы өтө оор абалда.

Бир суткада алты медиктен коронавирус аныкталган. Ошол эле маалда 16 медицина кызматкери коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылганы маалым болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button